Кыргызстан менен Улуу Британия минералдык ресурстар жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Улуу Британия минералдык ресурстар жаатында кызматташууну талкуулады

Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев Улуу Британиянын Азербайжан жана Борбор Азия боюнча соода өкүлү, Лорддор палатасынын мүчөсү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүү, маанилүү минералдык ресурстар, инвестиция тартуу, келечектүү объекттерди геологиялык изилдөө жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл экологиялык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, геологиялык маалыматтардын сапатын жогорулатуу жана квалификациялуу кадрларды даярдоого бурулду.

Жыйынтыгында тараптар техникалык консультацияларды жана практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды