Миграция жаатындагы бир катар функциялар Эмгек министрлигине өткөрүлөт

Миграция жаатындагы бир катар функциялар Эмгек министрлигине өткөрүлөт

Президенти Садыр Жапаров миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Жарлык миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөгө кирүүсүн, жүрүүсүн, жашоосун, эмгек ишин, каттоосун жана эсепке алынышын жөнгө салууну өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө, жүрүүсүнө жана эмгек ишин жүргүзүүсүнө байланыштуу документтерди тариздөө жана берүү боюнча функциялары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлөт. Анын ичинде:
  • Бирдиктүү уруксатты тариздөө жана берүү;
  • Кыргызстандын резидент-картасын тариздөө жана берүү, ошондой эле тиешелүү маалыматтык системаларды жүргүзүү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин аутсорсингге өткөрүп берет.

Мындан тышкары, Президенттин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин айрым функциялары да Эмгек министрлигине өткөрүлөт. Алар:

  • Кыргызстанда жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү;
  • мыйзамда белгиленген компетенциянын чегинде КРнын жарандыгы боюнча маселелерди кароо;
  • чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жүргөн жана жашаган жери боюнча каттоо жана эсепке алуу, анын ичинде тиешелүү маалыматтык системаларды жана базаларды жүргүзүү.

Бул функцияларды ишке ашыруу үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүмүндө Миграция маселелери боюнча департамент уюштурулат.

Министрлер Кабинетине функцияларды өткөрүп берүүнүн уюштуруу-укуктук тартибин аныктоо, тиешелүү штаттык санды, материалдык-техникалык базаны жана башка ресурстарды өткөрүп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле аяктай элек арыздарды жана материалдарды өткөрүп берүү жана кароо тартиби аныкталып, өткөөл мезгилде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз берилиши камсыздалышы керек.

Министрлер Кабинети эки айдын ичинде өз чечимдерин Жарлыкка ылайык келтирүүгө тийиш.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги, "Кызмат" мамлекеттик мекемеси жана башка мамлекеттик органдар өткөрүлүп берилүүчү функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтык системаларды, электрондук маалыматтар базаларын, материалдык-техникалык жана башка ресурстарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүүнү камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media