Ош шаарында жарандарды тейлөө боюнча заманбап комплекс ачылды

Ош шаарында жарандарды тейлөө боюнча заманбап комплекс ачылды

Ош шаарында Көкүм-Бий көчөсү, 194-195А дарегинде эки мамлекеттик мекемени бириктирген жаңы комплекс ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана мэриянын өкүлдөрү катышты.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу тапшырмасынын алкагында ишке ашты. Жер тилкеси мэрия тарабынан бөлүнүп, курулуш Президенттин фондунун жана Иш башкармасынын каражатына каржыланган.

Комплекс А жана Б блокторунан турат. А блогунда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү жайгашты. Ал жерде кызматтар "бирдиктүү терезе" аркылуу көрсөтүлүп, унаа каттоо, номер жана күбөлүк берүү, техникалык кароо тилкеси, 60 орундуу күтүү жана 62 орундуу экзамен залдары каралган. Практикалык экзамен үчүн аянты 8 500 чарчы метр болгон автодром курулган.

Б блогунда "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борбору иштейт. 1 500 чарчы метр аянттагы имаратта 42 адис күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлей алат. Биринчи кабатта тейлөө залы, электрондук кезек, эне жана бала бөлмөсү, касса, ал эми экинчи кабатта архив жана VIP-зал бар.

Жаңы комплекс жарандарга бардык мамлекеттик кызматтарды бир жерден тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media