Ошто болбогон концертке билет саткан алдамчы кармалды
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандарды алдап, пландаштырылбаган концертке билет сатып жүргөн жаран кармалды.
Маалым болгондой, Ош шаарында 1989-жылы туулган, учурда ар кайсы даректе жашап жүргөн М.С. Ош шаарынын аймагында жабырлануучу жарандан “Өзбекстан Республикасынан эстрада жылдыздарынын концертин Ош шаарында уюштураарын, түшкөн каражатты бөлүшөөрүн” айтып алдап, 10,000 АКШ доллар акчасын накталай алып, убадасына турбай изин жашырып кеткен.
Мындан сырткары, 2026-жылдын август айында интернет социалдык тармактары (Инстаграм, Фуйсбук, Телеграм) аркылуу “2026-жылдын 26-сентябрь күнү Ош шаарынын “Бабур” театрында Өзбекстандын эстрада жылдыздары катышкан чоң шоу концерт болот” деп жарнама кылып, ар бир билеттин баасы 2000-4500 сомдон сатып, жараандарды алдап качып кеткен.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, азыр арыз менен кайрылган жарандардын саны 9 адамга жетти. Учурда КРнын КЖКнын 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн баш коргоо чарасы 19-сентябрь күнү Ош шаарынын сотунда каралып, 2 айга абакта кармоо чечими чыкты.
Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү бул жарандан жабыркагандар болсо, Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылууну сунуштайт.