Ошто эл аралык чуркоо марафону өттү
Ош шаарынын күнүнө карата 27-сентябрда эл аралык массалык чуркоо марафону өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Өзбекстан, Беларусь, Непал, Индиядан жана Кыргызстандын жети дубанынан 400 адам катышты.
Спортчулар Борбордук аянттан "Ак-Буура" үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин жана кайра аянтка чейин, жалпы 7 чакырым аралыкка чуркашты.
Иш-чарага мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, жеңүүчүлөргө тиричилик техникалары жана баалуу белектер тапшырылды.


