Ошто Төлөйкөн айылында футбол аянтчасы ачылды
Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык башкармалыгынын Төлөйкөн айылында жаңы кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин жана шаардык Кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар катышты.
Шаар башчысы жаш спортчуларды жаңы аянтчанын ачылышы менен куттуктап, ийгилик каалады жана жаштарды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга чакырды.


