63 жылдан кийин Араванда архитекторлор үчүн жаңы имарат курулду
Ош облусунун Араван районунда архитектура башкармалыгы үчүн жаңы административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабралады.
Маалымдалгандай, имараттын курулушу 2026-жылдын 19-январында башталып, жалпы аянты 580 чарчы метрди түзөт. Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен каржыланып, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
Буга чейин башкармалык 1963-жылы курулган эски имаратта иштеп келген.
Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө бүгүнкү күндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул аймактардагы мамлекеттик мекемелердин базасын чыңдап, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.


