Адылбек Касымалиев Москва районундагы оорукана жана мектептин абалы менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар менен бүгүн Чүй облусунун Москва районунда болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгач Беловодское айылындагы Жалпы медициналык практика борбору көрүлдү. Имарат 1970-жылы курулган, 171 орундуу. Борбор 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 ФАПты жетектейт.
Таанышууда 100 орундуу жаңы оорукана куруу зарылдыгы аныкталды. Касымалиев республика боюнча 42 оорукананын жаңы имараты, анын ичинде Москва районунда 100 орундуу оорукана куруларын белгилеп, тиешелүү органдарга тапшырма берди.
Андан соң делегация К. Сыданов атындагы мектепке барды. Негизги корпус 1970-жылы 220 орунга курулса, азыр 590 бала окуйт. Башталгыч класстардын имараты 1969-жылы 200 орунга курулган, учурда 460 окуучу бар. Мектепте спорт зал, жыйындар залы жана китепкана жок.
Жыйынтыгында жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.


