Аймактарга 186 тонна жайыт чөбүнүн үрөнү жеткирилүүдө

Аймактарга 186 тонна жайыт чөбүнүн үрөнү жеткирилүүдө

Кыргызстанда кунарсыз жерлерди жакшыртуу жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү үчүн аймактарга 186 тоннадан ашык жайыт чөптөрүнүн үрөнү жеткирилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрдө жерлерди үрөн себүүгө даярдоо жана себүү иштери башталат.

Жалпы үрөндүн ичинен 20 486 килограммы дражирленип себилет. Дражирлөө - ар бир үрөндү коргоочу жана азыктандыруучу заттар менен каптап, өнүп чыгуусун жакшыртуу ыкмасы.

Бул багытка республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнүп, ага 186 440 кг үрөн сатылып алынган. Анын ичинде шалбаа бетегеси, кылкансыз түбү бош, райграс жана эспарцет сыяктуу чөптөрдүн үрөндөрү бар.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды