Бишкекте Kampa Industrial Park аянтчасы ачылды
Бишкекте Kampa Industrial Park өндүрүштүк аянтчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага агенттиктин, ишкананын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жаңы өндүрүш 200гө жакын жумуш ордун түзөт. Аянтчада LAMIS, CAISER / Кайзер, BLESK бренддеринин тиричилик товарлары жана техникалары чыгарылат. Ошондой эле Midea, Haier, Baumann продукцияларын өндүрүү жана сатуу пландалууда.
Өндүрүлгөн товарлардын бир бөлүгү "Made in Kyrgyzstan" белгиси менен экспорттолот.
Улуттук агенттик ишкана менен кызматташууну улантат.