Караколдо туристтик автобус каттамы ишке кирди
Каракол шаарында туристтер үчүн атайын автобус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми алыскы жана жакынкы аймактардан келген саякатчылар шаардын тарыхый, маданий жана туристтик жайлары менен ыңгайлуу шартта тааныша алат.
Автобус Караколдогу белгилүү объектилерге, тарыхый комплекстерге, музейлерге жеткирип, алардын тарыхы тууралуу маалымат берет.