Коргоо министри Өзбекстан элчиси менен жолугушту

Коргоо министри Өзбекстан элчиси менен жолугушту

Бүгүн Коргоо министрлигинде министр Руслан Мукамбетов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды. Атап айтканда, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чаралар жана аскер кадрларын даярдоо маселелери каралды.

Ошондой эле Кыргызстанда өтө турган КМШ Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына даярдык талкууланды.Тараптар коргонуу жаатындагы байланыштарды чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды