Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди
28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды.
Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош шаардык Мамкурулуш көзөмөл башкармалыгынын инспектору кызматтан бошотулуп, башкармалыктын жетекчисине катуу сөгүш жарыяланды.
Белгиленгендей, аталган объект боюнча буга чейин мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн:
• 2026-жылдын 7-апрелинде архитектуралык уруксат жана экспертизасыз курулуш жүргүзүлгөнү аныкталып, 200 миң сом айып салынып, иш токтотулган;
• 22-июнда тротуар бузулганы үчүн дагы 200 миң сом айып салынган;
• 7-июлда атайын комиссиянын чечими менен компаниянын лицензиясы токтотулуп, кара тизмеге киргизилген.
Тиешелүү материалдар ИИМге, прокуратурага жана УКМКга жөнөтүлүп, учурда тергөө жүрүп жатат.