Кыргызстанда медицина кызматкерлери үчүн санариптик окутуу башталды

Кыргызстанда медицина кызматкерлери үчүн санариптик окутуу башталды

Кыргызстанда медицина кызматкерлерин кесиптик ишин токтотпостон санариптик технологияларга окутуу боюнча алгачкы адистештирилген программа ишке кирди. Программа 40 миңге жакын дарыгерди камтууга багытталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Окуу-усулдук комплекс саламаттык сактоонун санариптик системаларын өздөштүрүүгө жана тесттик чөйрөдө практикалык билимди бекемдөөгө арналган. Дарыгерлер бирдиктүү санариптик чөйрөдө маалыматтык системалардын иштөө принцибин жана медициналык маалыматтарды алмашуу тартибин үйрөнүшөт.

Окутууда санариптик гигиенага, жеке жана медициналык маалыматтарды коргоого өзгөчө көңүл бурулат.

Программа С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун платформасына жайгаштырылды. Курстардан өтүү менен кредит-сааттар эсептелет жана кадрлардын маалыматтык системасы аркылуу көзөмөлдөнөт.

"Санариптик системалардын натыйжалуулугу дарыгерлердин даярдыгына түздөн-түз көз каранды. Мындай ыкма медициналык жардам көрсөтүүгө тоскоол болбостон, максималдуу адисти окутууга мүмкүндүк берет", - деди Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадиалиев.

Долбоор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен БУУнун "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоодогу санариптик ажырымды жоюу" программасынын алкагында ишке ашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media