Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта иштеп жатат.
Жаңы система боюнча такси жана курьердик кызмат аркылуу киреше тапкандар 1% киреше салыгын жана 1% камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт. Бүгүн бул тармакта 110 миң адам расмий иштейт.
"Бул адамдардын ар бири салык жана камсыздандыруу төгүмүн төлөйт. Камсыздандыруу төгүмү алардын келечектеги пенсиясына эсептелет", - деди Ысабеков.
Буга чейин патент менен иштегенде жылына болгону 40 млн сом түшсө, көмүскө иштегендер көп болгон.
Азыр Салык кызматы 11 компания менен иш алып барат. Алардын катарында "Яндекс Такси", "Жорго Такси", "WB Такси", "Байбол Такси", "Аргымак Такси", "Додо Пицца", "Яндекс Go" бар.
2026-жылдын 7 айында бул тармактан бюджетке 231 млн сом салык жана 231 млн сом камсыздандыруу төгүмү, жалпы 462 млн сом түшкөн.