Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды

Токмокто таштандыны кеч чыгарган "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып салынды

Токмок шаарында таштанды чыгаруу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Экологист" ишканасына 17 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жарандардын кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада шаарда катуу тиричилик калдыктарын чогултууну "Экологист" ишканасы жүргүзөрү, анын балансында 5 атайын техника бар экени аныкталган.

Текшерүүдө айрым аймактарда таштанды чыгаруу графигинен четтөөлөр болгону белгилүү болду. Буга техникалык жана финансылык кыйынчылыктар, ошондой эле шаардагы жол оңдоо иштери себеп болгон. Оңдоо иштеринен улам айрым таштанды аянтчаларына техниканын кириши кыйындаган.

Мыйзам бузуулар үчүн ишканага Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 17 миң сом айып пул салынды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan көргөзмөсүнүн алкагында Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Yuji Hara жана Tadashi Shimura менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын жапон рыногунда илгерилетүү жана туристтик алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда

Ишкер Media
Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты

Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты

Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев 24-25-сентябрда Вашингтондо Эл аралык валюта фонду уюштурган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, брифингде борбордук банктын акча-кредит саясаты, финансы системасынын туруктуулугу жана институционалдык негизин бекемдөө маселелери талкууланды. Эл аралык резервдерди башкаруу, төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбордук

Ишкер Media
Аймактарга 186 тонна жайыт чөбүнүн үрөнү жеткирилүүдө

Аймактарга 186 тонна жайыт чөбүнүн үрөнү жеткирилүүдө

Кыргызстанда кунарсыз жерлерди жакшыртуу жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү үчүн аймактарга 186 тоннадан ашык жайыт чөптөрүнүн үрөнү жеткирилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрдө жерлерди үрөн себүүгө даярдоо жана себүү иштери башталат. Жалпы үрөндүн ичинен 20 486 килограммы дражирленип себилет. Дражирлөө - ар бир үрөндү коргоочу

Ишкер Media
63 жылдан кийин Араванда архитекторлор үчүн жаңы имарат курулду

63 жылдан кийин Араванда архитекторлор үчүн жаңы имарат курулду

Ош облусунун Араван районунда архитектура башкармалыгы үчүн жаңы административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабралады. Маалымдалгандай, имараттын курулушу 2026-жылдын 19-январында башталып, жалпы аянты 580 чарчы метрди түзөт. Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен каржыланып, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү. Буга чейин башкармалык 1963-жылы курулган эски

Ишкер Media