У.Ниязбеков: видео-көзөмөлдүн санын жыл аягына чейин 20 миңге жеткирүүгө милдеттүүбүз

У.Ниязбеков: видео-көзөмөлдүн санын жыл аягына чейин 20 миңге жеткирүүгө милдеттүүбүз

Кыргызстанда жыл аягына чейин иштеп жаткан видео-камералардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда. Учурда өлкө боюнча 10 миңден ашуун видео-камера иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде өткөн аппараттык кеңешмеде ички иштер министри - Улан Ниязбеков билдирди.

Кеңешмеде тартип сакчылар 9 айдын жыйынтыгын чыгарып, коомдук тартипти сактоо жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо маселелерин кароого алышты.

Анын жүрушундө министр “Санарип милиция” системасын өнүктүрүп, ички коопсуздукту камсыздоодо заманбап технологияларды кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.

“Эң башкысы — өлкөбүздүн ички коопсуздугун бекемдеп, элибиздин бейпил жашоосун камсыз кылуу. Бул багытта “Санарип милиция” системасын өнүктүрүп, заманбап технологияларды кеңири колдонуу менен иш алып барышыбыз зарыл. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 10 миңден ашуун видео-камера иштеп жатат. Жыл аягына чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү милдети турат”, — деди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоодо “Коопсуз өлкө” долбоорунун маанилүүлүгү белгиленип, санариптик технологияларды жана заманбап техникалык каражаттарды мындан ары да кеңири киргизүү тапшырмасы коюлду.

Кеңешменин соңунда министр ички иштер органдарынын жетекчилерине коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча коюлган милдеттерди так жана сапаттуу аткарууну, жарандар менен иштөөдө кесипкөйлүк жана жоопкерчиликти жогорулатууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media