Жогорку Кеңештин имаратына чет өлкөлүк туристтерди кабыл алуу уюштурулат

Жогорку Кеңештин имаратына чет өлкөлүк туристтерди кабыл алуу уюштурулат

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин имаратын кыдыруу учурунда чет өлкөлүк туристтер үчүн Жогорку Кеңешке туруктуу тааныштыруу сапарларын уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, төрага акыркы жылдары чет өлкөлүк жарандардын кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусу артып, Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу өтүнүчтөрү көбөйүп жатканын белгилеген.

Ага ылайык, аптасына бир жолу белгиленген тартипте уюштурула турган экскурсиялык программанын алкагында туристтерге музейге жана жыйындар залдарына кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Билдирүүгө ылайык, экскурсиялык сапарларды уюштуруу Жогорку Кеңештин ачык-айкындуулугун арттырууга өбөлгө түзөт. Чет өлкөлүк конокторго КРнын парламентинин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, атайын сувенирдик бурч уюштурулуп, меймандар андан парламенттин сувенирдик продукцияларын сатып ала алышат.

Муну менен катар Төрага Жогорку Кеңештин имараты өзгөчө статуска жана стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, тааныштыруу сапарларын уюштурууда коопсуздуктун белгиленген талаптарын жана парламенттин аймагында жүрүү тартибин так сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media