Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Минскке барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Беларусь Республикасына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Отурумда соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланат.
Ошондой эле Касымалиев "Иннопром. Беларусь" өнөр жай көргөзмөсүнүн "Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык" аттуу пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.
Иш-чарага ЕАЭБге мүчө жана байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат.