Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин №63 бала бакча ачылды

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин №63 бала бакча ачылды

Кече Бишкек шаарынын Коммунаров көчөсүндө жайгашкан №63 бала бакчанын капиталдык оңдоодон жана жаңылоодон кийинки ачылышы болду. Ага шаар башчысы Айбек Джунушалиев  катышып, бала бакчанын топтук бөлмөлөрүнүн, ашканасынын, оюн аянтчаларынын жана башка инфраструктуралык объектилеринин абалы менен таанышып чыкты.

Анын жүрүшүндө, тиешелүү кызматтарга өрт коопсуздугу, аймакты уюштуруу жана зарыл болгон тосмолорду орнотуу маселелерин кошумча карап чыгуу тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында мэр жакынкы үйлөрдүн тургундары менен да жолугушту. Тургундар жүргүзүлгөн иштер жана бала бакчанын кайрадан калыбына келтирилгени үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Бала бакчаны капиталдык оңдоо жана жаңылоо иштерин Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүздү. Курулуш иштерине 118 млн сом каражат жумшалган.

Имараттын жалпы аянты 2 304,8 чарчы метрди, жер тилкесинин аянты 0,79 гектарды түзөт. Эки кабаттуу имарат 280 балага ылайыкталган. Ал эми жыйылып-жайылуучу керебеттерди колдонуу менен бала бакчага 500 балага чейин алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Буга чейин бала бакчанын имараты 1990-жылдары жеке менчикке өткөрүлүп берилген. 2024-жылы объект муниципалдык менчикке кайтарылып, 2025-жылы аны калыбына келтирүү жана жаңылоо иштери башталган.

Бала бакчанын аймагында 12 оюн аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Объектти капиталдык оңдоо жана жаңылоо иштерин “Эйти Эмпайр” ЖЧКсы аткарды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media