Бишкекте кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы комиссиянын жыйыны өттү
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгында Кылмыштуу иш-аракетти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын 19-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин маалыматк ызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, жыйындын башкы темасы - ЕАТтын баалоочулар тобунун эки жумалык көчмө миссиясынын аякташы жана алдын ала отчеттун бет ачары болду.
Отурумда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү планын ишке ашыруунун жыйынтыктары жана кумар оюндары чөйрөсүндөгү тобокелдиктер каралды.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин 29-сентябрдагы №653 токтому менен 2026-2030-жылдарга карата Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы жаңы Мамлекеттик стратегия кабыл алынганы белгиленди.
Ошондой эле комиссия виртуалдык активдер секторундагы тобокелдиктер боюнча отчетту бир добуштан жактырды.
ЕАТтын көчмө миссиясы расмий түрдө жыйынтыкталды. Алдыда Кыргызстанды 2027-жылдын жазында позицияларды коргоо этабы жана май айында Ташкентте өтө турган Пленардык жумалык күтүп турат.