Бишкекте мугалимдердин квалификация программаларына талдоо жасалды

Бишкекте мугалимдердин квалификация программаларына талдоо жасалды

29-сентябрда Бишкекте Smart-Ed долбоорунун алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары сунушталды.Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, талдоо 4 багытты камтыды: география, кыргыз тили эне тили катары, кыргыз тили экинчи тили катары жана мектепке чейинки билим берүү.

Анын максаты - учурдагы программалардын заманбап талаптарга шайкештигин аныктоо.

Жыйынтыкта программаларды өркүндөтүү багыттары белгиленди. Негизги басым практикалык даярдыкты күчөтүүгө жана окуу натыйжаларын баалоого жасалат.

Бул талдоо компетенттүүлүккө негизделген жаңы модулдарды иштеп чыгууга негиз болот.

Маалымат үчүн: Smart-Ed долбоору 2025-2029-жылдары Агартуу министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкы жана GPE колдоосу менен ишке ашырылууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды