Бүгүн көгүлтүр отко карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

Бүгүн көгүлтүр отко карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы 30-сентябрда жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге газ берүүнү токтотот. Карызды 30-сентябрга чейин төлөө зарылдыгы буга чейин эскертилген. Ушуга ылайык, газ берүү токтотулгандан кийин аны кайра жандандыруу үчүн абоненттер газ боюнча карызын толугу менен төлөшү керектелет.

Мекеменин маалыматына караганда, төлөмдү “Мой газ”, “Мой дом” тиркемелери жана банктардын мобилдик тиркемелери (BAKAI, MBank ж.б.) аркылуу же абоненттерди тейлөө боюнча жакынкы кеңседен жүргүзүүгө болот.

Карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин газ берүү эки же үч жумушчу күндүн ичинде кайра жандандырылат. Карызыңызды төмөнкү жолдор аркылуу текшерсе болот:

  • “Мой газ” мобилдик тиркемеси аркылуу;
  • gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен;
  • ай сайын берилүүчү эсеп-дүмүрчөктөн;
  • “Мой дом” мобилдик тиркемесинен;
  • 4444 сурап-билүү кызматынын телефону аркылуу.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта "Кыргыз-Ата" паркынын жерин ээлеп алгандарга 34 миң сом айып салынды

Ноокатта "Кыргыз-Ата" паркынын жерин ээлеп алгандарга 34 миң сом айып салынды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгы "Кыргыз-Ата" жаратылыш паркынын Ноокат районундагы аймагында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, текшерүүдө 4 жергиликтүү тургун жерди уруксатсыз, мөөнөтү бүткөн келишим менен же чектен тышкары пайдаланып жатканы аныкталды. Жыйынтыгында Укук бузуулар кодексинин

Ишкер Media
Бишкекте улуу муунга камкордук боюнча чоң жыйын өттү

Бишкекте улуу муунга камкордук боюнча чоң жыйын өттү

29-сентябрда Кыргызстандын Мадриддеги карылык боюнча эл аралык иш-аракеттер планынын бешинчи кароосуна арналган конференция болду. Бул тууралуу Эмгек министри билдирди. Маалымдалгандай, жыйында улуу муунга карата саясаттын жыйынтыктары каралып, мындан аркы багыттар аныкталды. Иш-чарага мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар катышты. Эмгек министринин орун басары Аида Иситбек кызы отчет демографиялык

Ишкер Media
Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин №63 бала бакча ачылды

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин №63 бала бакча ачылды

Кече Бишкек шаарынын Коммунаров көчөсүндө жайгашкан №63 бала бакчанын капиталдык оңдоодон жана жаңылоодон кийинки ачылышы болду. Ага шаар башчысы Айбек Джунушалиев  катышып, бала бакчанын топтук бөлмөлөрүнүн, ашканасынын, оюн аянтчаларынын жана башка инфраструктуралык объектилеринин абалы менен таанышып чыкты. Анын жүрүшүндө, тиешелүү кызматтарга өрт коопсуздугу, аймакты уюштуруу жана зарыл болгон тосмолорду орнотуу

Ишкер Media
Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media