JICA делегациясы “Үмүт үйүнүн” ишмердүүлүгү менен таанышты

JICA делегациясы “Үмүт үйүнүн” ишмердүүлүгү менен таанышты

Кече Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) делегациясы Кыргыз Республикасына болгон сапарынын алкагында   “Үмүт үйү” карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесине барды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова катышты. Иш сапар JICA тарабынан КРнын социалдык тармагын изилдөөнүн алкагында уюштурулду.

Мекемеге баруунун негизги максаты — улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүнүн учурдагы системасы жана аларга кам көрүүнү уюштуруу тажрыйбасы менен таанышуу болду.

Сапардын  жүрүшүндө JICA делегациянын өкүлдөрүнө мекеменин ишинин негизги багыттары, кам көрүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана кызмат алуучуларга социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча кеңири маалымат берилди.

Сапардын жыйынтыгында, Агенттиктин өкүлдөрү сапардын жүрүшүндө алынган маалыматтар талданып, мындан ары улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары карала турганын билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды