Каямат - Куркол - Балыкчы темир жолунда оңдоо иштери жүрүүдө
Каямат - Куркол – Балыкчы багытындагы темир жолдун 9 чакырымдык тилкесинде күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" МИ билдирди.
Маалымдалгандай, оңдоонун алкагында эски жыгач шпалдар толугу менен темир-бетон шпалдарга алмаштырылууда. Учурда иштер аяктоо алдында турат.
Ишке Жол чарбасы филиалынан 70тен ашуун жумушчу жана 5 атайын техника тартылган. Негизги максат - поезддердин коопсуз жана үзгүлтүксүз каттамын камсыз кылуу.
Белгилей кетсек, 2026-жылга карата жалпы 18 чакырымдык тилкеде ушундай оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган. Айрым жерлерде оңдоо аяктаса, калган тилкелерде жумуштар уланууда.