Мамлекеттик бажы кызматы психотроптук зат ташыган эл аралык каналды аныктады
Бажы кызматы ИИМ жана Орусиянын Федералдык бажы кызматы менен биргеликте Орусиядан Кыргызстанга "Альфа-PVP" психотроптук затын ташып кирүү каналын токтотту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкекте 1995-жылы туулган М.Р.А. аттуу жаран жана анын жубайы М.Е.А. кармалды. Аба муздаткычтын ичинен 1 кг 126 грамм "Альфа-PVP" салынган брикет табылган. Үйүн тинтүү учурунда тараза, ZIP-баштыкчалар жана таңгактоочу каражаттар алынган.
Баңгизаттын баасы 4,9 млн сомдон ашат. 6800дөн ашык дозанын жүгүртүүгө түшүшүнө бөгөт коюлду.
Учурда каналдын башка катышуучуларын аныктоо иштери уланууда.