Манас шаарында аялдамаларга токтотулган унааларга рейд өттү
Манас шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, шаардык ЖККБ тарабынан уюштурулган иш-чарада өзгөчө коомдук транспорттун аялдамаларына жана билим берүү мекемелеринин айланасына мыйзамсыз токтотулган унаалар текшерилди.
Рейд учурунда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эреже бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү.
ЖККБ айдоочуларды унааны атайын уруксат берилген жерлерге гана токтотууга жана мектептердин жанында жол эрежесин так сактоого чакырды.