Ноокатта "Кыргыз-Ата" паркынын жерин ээлеп алгандарга 34 миң сом айып салынды

Ноокатта "Кыргыз-Ата" паркынын жерин ээлеп алгандарга 34 миң сом айып салынды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгы "Кыргыз-Ата" жаратылыш паркынын Ноокат районундагы аймагында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, текшерүүдө 4 жергиликтүү тургун жерди уруксатсыз, мөөнөтү бүткөн келишим менен же чектен тышкары пайдаланып жатканы аныкталды.

Жыйынтыгында Укук бузуулар кодексинин 237, 239, 241-беренелери боюнча жалпы 34 миң сом айып салынды. Мындан тышкары жер кыртышын бузгандыгы үчүн 127 миң 314 сом доо коюлду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды