Ош облусунда 304 миң сомдук жашыруун жүк аныкталды

Ош облусунда 304 миң сомдук жашыруун жүк аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда рейддик көзөмөл учурунда салык мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жүк ташуучу унааны текшерүү маалында Салык кызматы тарабынан коюлган расмий контролдук пломба бузулуп, үзүлгөнү аныкталган. Мындан тышкары айдоочу эсепке алынбаган товарды жашырып өтүүгө аракет кылган. Аныкталган жүктүн жалпы баасы 304 миң 642 сомду түзөт.

Мыйзамга ылайык, контролдук пломбаны өз алдынча бузгандыгы үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул каралган. Эсепке алынбаган товарды жашыргандыгы үчүн да айып пул салынып, товар конфискацияланат.

Учурда чогултулган материалдар күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилүүгө даярдалууда.

Салык кызматы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөн бардык транспорт каражаттары мамлекеттик көзөмөлдө экенин эскертип, мыйзамсыз аракеттер жоопкерчиликке алып келерин билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды