Соцфондго 8 айда 9 миңден ашуун кайрылуу түштү

Соцфондго 8 айда 9 миңден ашуун кайрылуу түштү

2026-жылдын январь-август айларында КРнын Социалдык фондунун Коомчулук менен иштөө башкармалыгына жарандардан 9 344 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, жарандар көбүнчө ишеним телефондору аркылуу кайрылышкан. Кайрылуулардын жалпы саны 4 559 болгон. Алардын ичинен мобилдик ишеним телефону аркылуу 1 827, ал эми “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алуу үчүн 1 583 кайрылуу келип түшкөн. Мындан тышкары, оозеки түрдө 809, жазуу жүзүндө 468 кайрылуу катталган.

Соцфонддун жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна 49 жаран кайрылса, «Пикир» порталы аркылуу 40, «Биринчи кабылдама» («Биринчи радио») программасы аркылуу 9 кайрылуу болгон. Жарандарды негизинен төмөнкү маселелер кызыктырган:

  • пенсияларды жогорулатуу жана индексациялоо;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери;
  • пенсия дайындоо жана кайра эсептөө укугу;
  • пенсиянын туура эсептелиши жана төлөмдөрдүн өз убагында берилиши;
  • Мамлекеттик топтоо пенсия фондунун каражаттарын алуу, анын ичинде туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө көчүп кеткен учурдагы төлөмдөр.

Соцфонддун маалыматына ылайык, түшкөн бардык кайрылуулар боюнча жарандарга өз убагында кыргыз жана орус тилдеринде кеңири түшүндүрмөлөр берилип турган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media