Жалал-Абадда экологиягы бузгандарга 75 500 сом айып салынды
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Барпы айыл өкмөтүнө пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, текшерүүдө белгиленбеген жерге таштанды төгүлүп, өрттөлгөнү, автоунаалардан атмосферага ченемден ашык зыяндуу заттар бөлүнүп жатканы аныкталган.
Мыйзам бузуулар боюнча жеке жактарга жана муниципалдык ишканага 7 административдик протокол түзүлүп, жалпы 75 миң 500 сом айып салынды.
Ошондой эле кемчиликтерди жоюу боюнча 11 пункттан турган эскертме берилди.