№1 Мамлекеттик резиденцияда жаңы имарат ачылды
Бишкекте №1 Мамлекеттик резиденциянын аймагында жаңы административдик имараттын ачылыш аземи өттү. Салтанатка президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев катышты.
Буга чейин бул жерде 1967-жылы курулган, аянты 1000 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат жайгашкан болчу.
Президенттин Иш башкармалыгы билдиргендей, жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берет. Эки кабаттуу, эки блоктон турган имараттын жалпы аянты 1450 чарчы метр.
Биринчи блокто бухгалтерия, юридикалык, кадр жана сатып алуулар бөлүмдөрү, катчылык жана толук жабдылган ашкана жайгашкан. Экинчи блок инженердик-техникалык кызматтарга арналган. Анда диспетчердик, медициналык кабинет, эс алуу бөлмөсү жана конференц-зал бар.
Имаратта 30га жакын кабинет, бардык керектүү эмерек жана жабдуулар каралган. Кызматкерлер үчүн жыл бою ыңгайлуу шарт түзүлдү. Жанында 50 унаага ылайыкталган токтотуучу жай уюштурулган.
Иш-чарада Каныбек Туманбаев кызматкерлердин социалдык камсыздоосу башкы артыкчылык экенин белгиледи.
"Быйыл кызматкерлердин эмгек акысын этап-этабы менен көтөрөбүз. Президент айлык акыны жогорулатуу жана турак жай маселесин чечүү боюнча тапшырма берди", - деди ал.