Араванда Керме-Тоо айыл өкмөтүнө 8,4 млн сомдук техника тапшырылды
Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалым болгондой, сапардын алкагында айыл өкмөтүнүн балансына жалпы баасы 8 млн 400 миң сом болгон 3 даана техника тапшырылды.
Анын ичинен 1 даана 20 орундуу Mercedes-Benz Sprinter Classic кичи автобусу Араван райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен алынган. Буга чейин президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кичик-Алай айылынын тургундары окуучулар 4-9 чакырым жөө жүрүп билим алып жатканын айтып, автобус суранышкан. Тендердин жыйынтыгында автобус 1 млн 400 миң сомго сатып алынды.
Ал эми калган 2 техника - ассенизатор жана экскаватор Дүйнөлүк банктын АРИС программасынын алкагында берилди. Ар биринин баасы 3,5 млн сом. Белгилей кетсек, аталган программа менен айыл аймакка 27 чакырым аралыктан таза суу тартылып келген.
Эми мектеп окуучуларын ташуу жана таза суу тармагын тейлөө ушул техникалар менен жүргүзүлөт.