Азия оюндары-2026: Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова сыйланды

Азия оюндары-2026: Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова сыйланды

Кече, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнүнүн жыйынтыгы менен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, сыйлоо аземине Кыргызстандын курама командасынын үч спортчу - Асан Жанышов, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча 87 кг чейинки салмак категориясында Асан Жанышов күмүш медалга ээ болду. Ал мелдешти чейрек финалдан баштап, Өзбекстандык Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Асан Жанышов Казакстандын өкүлү Шамиль Ожаев менен күч сынашып,6:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми чечүүчү беттеште Жапониялык Йошидо Тайзо менен килемге чыгып, мелдеш 1:11 эсебинде Жапон спортсменинин жеңиши менен аяктаган.

67 кг чейинки салмак категориясында Раззак Бейшекеев коло медаль тагынды. Ал алгачкы беттешинде Катардын өкүлү Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда Өзбекстандын өкүлү Айтжан Халмаханов менен беттешип, 0:5 эсебинде жеңилип калган. Коло медаль үчүн беттеште Кытайлык Ленг Жи ни 5:1 эсебинде жеңип, үчүнчү орунга ээ болду.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг чейинки салмак категориясында Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду. Мээрим Жуманазарова мелдештеги алгачкы беттеште Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Жарым финалда кыргызстандык спортсмен Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гум менен беттешип, жеңилип калган. Коло медаль үчүн болгон беттеште Мээрим Жуманазарова Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңип, XX Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.

Бүгүнкү мелдеште грек-рим күрөшү боюнча - Жоломан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Сезим Жуманазаровалар күч сынашмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media