Кеминдеги оорукана арыкка агынды төгүп, 28 миң сом айыпка жыгылды

Кеминдеги оорукана арыкка агынды төгүп, 28 миң сом айыпка жыгылды

Кемин районундагы Чым-Коргон психиатриялык ооруканасынын канализациясынан арыкка саркынды суулар агып жатканы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, текшерүү учурунда лабораториялык изилдөө үчүн суудан үлгүлөр алынды. Жыйынтыгы боюнча баа берилет.

Факты боюнча мекемеге 28 миң сом айып салынды.Башкы дарыгердин айтымында, буга фекалдык насостор жана компрессордун иштебей калышы себеп болгон. Насостор эки жумага жакын иштебей турган.

Учурда жетекчилик жабдууларды калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. Компрессор сатып алууга тендер жарыяланган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды