Кочкордо мыйзамсыз аңчылык фактысы катталды

Кочкордо мыйзамсыз аңчылык фактысы катталды

Кочкор районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол жайлоосундагы рейд учурунда Дүңгүрөмө участкасындагы көчмө үйдүн жанынан жапайы тоо эчкинин улагынын өлүгү табылган.

Текшерүүдө көчмө үйдүн ээси - Кочкор районунун тургуну Н.Б. аттуу жаран тоо эчкини мыйзамсыз атканын мойнуна алган.

Акт түзүлүп, олжо жана курал документтери Кочкор РИИБге өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, тоо эчкиге аңчылык кылгандарга 300 миң сомго чейин айып салынат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды