Кыргызстан менен Корея көмүртек рыногунда кызматташууну талкуулады
28-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эксперттеринин миссиясы болду. Бул тууралуу Климаттык каржылоо борбору билдирди.
Маалыматка карагандай, миссия борбордун координациясы менен, Кыргызстан менен Кореянын Биргелешкен комитетинин алкагында уюштурулду.
Эксперттер мамлекеттик органдар менен жолугушуп, көмүртек рыногун өнүктүрүү жана көмүртек долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты.
Тараптар мыйзам базасын жакшыртуу, долбоорлорду ишке ашыруу жол-жоболорун өркүндөтүү жана мониторинг, отчеттуулук жана верификациялоо системасын өнүктүрүү боюнча техникалык колдоону сүйлөштү.
Ошондой эле Париж келишиминин 6-беренесинин алкагында кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана адистердин потенциалын жогорулатуу маселелери каралды.