Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды

Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 30-сентябрда АКШга болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. Бул тууралуу президенттин адм инистрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.

Ракеталардын жүктөрдү орбитага чыгаруунун баасын төмөндөтүүгө жана учуруулардын жыштыгын көбөйтүүгө мүмкүндүк берген баскычтарын кайрадан пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду.

Президент учууларды башкаруу борборуна да барып, космостук миссияларды коштоп жүрүү жана борттук системаларды көзөмөлдөө иштери менен таанышты. Мамлекет башчысына SpaceX компаниясынын скафандрлары көрсөтүлүп, космонавттардын коопсуздугун камсыз кылуу технологиялары тууралуу маалымат берилди.

Иш сапардын өзүнчө бөлүгү Starlink системасына арналды. Президентке спутниктердин үч мууну көрсөтүлүп, алардын түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы тууралуу айтып беришти. Системаны жайгаштыруу 2019-жылы башталган жана бүгүн орбитада 10 миңден ашык Starlink спутниги бар.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанда пилоттук долбоордун алкагында Starlink спутниктик интернет кызматтарын көрсөтүү башталган. Бул технология алыскы жана бийик тоолуу калктуу конуштарды жогорку ылдамдыктагы интернетке, билим берүү ресурстарына жана мамлекеттик санариптик кызматтарга туташтыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.

Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин орбитага чыгарууга тийиш болгон SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсүн учуруу 1-октябрга пландалган.

Белгилей кетсек, өндүрүштүк комплекстин айрым аймактарында компаниянын ички талаптарына ылайык фото жана видео тартууга чектөө коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media