Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Министрлик билдиргендей, милицияга акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Такталгандай, 15-сентябрда Кадамжай районундагы ЖЧКлардын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы линияга байланыштуу кемчиликтер жоюлбагандыктан өчүрүлгөн.

22-сентябрда Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору ЖЧКнын жетекчиси менен сүйлөшүүдө электр энергиясын кайра жандыруу жана кемчиликтерди жоюуга убакыт берүү үчүн 3 миң АКШ долларын талап кылган.

27-сентябрдагы жолугушууда арыз ээси акчаны бере албай турганын билдирген. Бирок директор акчаны Кадамжай райондук электр тармактарынын башчысына берүүнү айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Баткен ОИИБнын Тергөө кызматынын кызматкерлери Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору 1975-жылы туулган М.К.ны кармашкан.

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media