Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды
ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди.
Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) тармагындагы жетишкендиктерин белгилешти.
Салтанатка Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа катышты.
Иш-чаранын алкагында жаштардын инновациялык долбоорлору коюлган STEAM көргөзмөсү уюштурулду.
Алты жылдын ичинде программага 52 миңден ашык өспүрүм кыз катышып, жалпысынан 200 миңден ашык өспүрүм камтылган.
"Илим, технологиялар, инженерия, искусство жана математика тармактарынын жынысы жок. Биздин милдетибиз - кыздарга STEAM чөйрөсүндө кесипти тандоого шарт түзүп берүү", - деди министр Догдуркүл Кендирбаева.
ЮНИСЕФ өкүлү Самман Тапанын айтымында, алдыдагы үч жылда өлкөнүн ар бир облусунда мектептерде STEAM боюнча кесиптик багыт берүүчү клубдар түзүлүп, педагогдорго колдоо күчөтүлөт.
Программа "Алтын казык" билим берүү реформасынын алкагында ишке ашырылууда.