Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды
30-сентябрда Жайыл районунда 35 тонна дизель отунун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан улам отун төгүлүп, жер тилкеси мунайзаттары менен булганган. Дизельдин бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген.
Жооптуу юридикалык тарап аныкталды. Экологиялык мониторинг департаменти булганган жерден топурак жана суу үлгүлөрүн алып, лабораториялык изилдөөгө жөнөттү.
Жыйынтыктар боюнча Чүй регионалдык башкармалыгы укуктук баа берет. Мыйзам бузуу аныкталса, протокол түзүлүп, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян эсептелип, өндүрүү боюнча талап коюлат. Зарыл болсо сотко доо арыз берилет.
Зыяндын өлчөмү лабораториялык анализдер, булганган аянт, дарыянын булгануу деңгээли жана төгүлгөн отундун көлөмүн эске алуу менен аныкталат.