Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги 1-октябрда орбитага чыгарылды. Учуруу аземине АКШда иш сапары менен жүргөн өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, учуруу Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы аркылуу ишке ашырылды.

Спутник бир ракета менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында орбитага чыгарылды. Долбоор Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен ишинин натыйжасы болду. Спутник Бишкек шаарындагы Башкаруу борборунан башкарылат.

Спутниктин учурулушу өлкө үчүн космостук маалыматтарды пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Алынган маалыматтар:

• айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө, суу объекттерине, токойлорго жана жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө;

• жер казынасын мыйзамсыз пайдаланууну, уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларды аныктоого;

• логистикалык каттамдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Өзгөчө маани жаратылыш коркунучтарына мониторинг жүргүзүүгө берилет. Спутник кургакчылык, суу ташкыны, жер көчкү, сел жана токой өрттөрүнүн белгилерин ыкчам аныктоого жардам берет.

Келечекте маалыматтар мамлекеттик санариптик системалар менен интеграцияланып, мейкиндик карталарын жана аналитикалык моделдерди түзүү үчүн колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media