Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин штаб-квартирасына барды

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин   штаб-квартирасына барды

1-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гана Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Аккра шаарындагы Гананын Алтын кеңешинин (GoldBod) штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мамлекеттик корпорациянын жетекчилиги менен жолугуп, Ганада чакан көлөмдөгү алтын өндүрүүнү борборлоштуруу, алтынды өлкө ичинде милдеттүү түрдө аффинаждан өткөрүү, ошондой эле баалуу металлдарды улуттук алтын-валюта резервдерин түзүү системасына натыйжалуу интеграциялоо тажрыйбасы менен таанышты.

Өз кезегинде министр Кулубаев Гана тарапка Кыргыз Республикасынын стратегиялык минералдык ресурстарды башкаруу жаатындагы тажрыйбасы, анын ичинде "Кумтөр" кенин улутташтыруу тарыхы тууралуу маалымат берди. Кенди иштетүүдөн түшкөн кирешелер өлкөдөгү маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга олуттуу салым кошкону белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алтындын жүгүртүлүшүн мамлекеттик көзөмөлдөө механизмдерин, контрабандага каршы күрөшүү чараларын, ошондой эле баалуу металлдардын келип чыгышын көзөмөлдөөнүн санариптик системаларын киргизүүнүн келечегин кеңири талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын жана Гананын тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерине бурулду. Алтын өндүрүү тармагын жөнгө салуу, заманбап технологияларды жана тоо-кен тармагындагы санариптик чечимдерди колдонуу жаатында эксперттик консультацияларды өткөрүүнүн жана практикалык өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media