Жер участокторун трансформация кылуу токтому бекиди

Жер участокторун трансформация кылуу токтому бекиди

Министрлер Кабинети жер участокторун трансформация кылуу тартиби жөнүндө жаңы токтом бекитти. Бул жаңы эреже КРнын Жер кодексинин 13, 18, 20 жана 22-беренелерине ылайык иштелип чыккан. 

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык эми жер участогун бир категориядан экинчи категорияга же бир түрдөн экинчи түргө которуу жарандардын, юридикалык жактардын арызы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен жүргүзүлөт. 

Ошондой эле курулуштун генералдык планынан, эскиздик долбоорунан жана техникалык-экономикалык негиздемесинен тартып коштоочу документтердин толук пакети да аныкталды. Документте жерге жайгаштыруу иштерин түзүү тартиби менен трансформация тууралуу арызды кароо комиссиясынын курамы да аныкталды. Трансформацияланган жерлерди максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө  жана үч жыл ичинде өздөштүрүлбөгөн жер участогун баштапкы калыбына кайтаруу тартиптери киргизилди. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет