Турак үйлөрдү камсыздандыруу эрежелери өзгөрдү

Турак үйлөрдү камсыздандыруу эрежелери өзгөрдү

Министрлер Кабинети Кыргызстан камсыздандыруу рыногунун катышуучулары үчүн жаңы эрежелерди бекитти. Ага ылайык эми камсыздандыруучу, кайра камсыздандыруучу компаниялар, ошондой эле брокерлер, актуарийлер, баалоочулар, сюрвейерлер жана аджастерлер жаңыланган квалификациялык талаптарга жооп берүүгө милдеттүү. 

Өкмөттүн билдиришинче, камсыздандыруу уюмун профилдик билими бар, соттолбогон жана тажрыйбалуу адистер жетектей алат. Брокерлер үчүн реестрде милдеттүү түрдө катталуу талабы, актуарийлер үчүн камсыздандыруу тарифтерин эсептөөнүн жаңы стандарттары киргизилет.
Ушундай эле талаптар чыгашалар менен тобокелчиликтерди баалачу эксперттерге да коюлат. Мындан сырткары, көйгөйлүү камсыздандыруу компанияларына убактылуу администрацияны дайындоо тартиптери да өзгөрдү. Тагыраагы, убактылуу администрацияга активдерди жана милдеттемелерди башкаруу боюнча кеңейтилген укуктар берилген. 

Ошондой эле МинКабдын жаңы токтомуна ылайык камсыздандырылган үй башка бирөөнүн ээлигине өтсө милдеттүү камсыздандыруу келишими автоматтык түрдө үйдүн жаңы ээсине өтөт. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media
ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media
Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформалар, активдерди натыйжалуу пайдалануу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар Швейцариянын SECO уюму каржылаган жана Дүйнөлүк банк ишке ашырган "Мамлекеттик

Ишкер Media
Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор министрликтин "Климатка туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Ачылышка министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, долбоор бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев жана фермерлер катышты. Комплекстин жалпы наркы

Ишкер Media