МИК капиталы 87,5 млрд сомго жетти

МИК капиталы 87,5 млрд сомго жетти

 Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталы 87,5 млрд сомго жеткенин президент Садыр Жапаров Сузак районундагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак-жай комплексиндеги батирлерди тапшырып жатып айтты. 

Өлкө башчысы 2015-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы – 10 млн сомду түзгөнүн эске салды.

"Бүгүнкү күндө МИК мамлекеттин жеткиликтүү турак жай системасынын натыйжалуу жана туруктуу моделин көрсөтүп, миңдеген муктаж жарандарыбызды үй менен камсыз кылып, экономикалык өсүштү жана инфратүзүмдүн өнүгүшүн камсыздады. 

Азыркы учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болуп, дагы 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат", - деди президент.

Ошондой эле ал “Түндүк” мобилдик тиркемесинин ишке киргизилиши менен үй алуу кезеги автоматташтырылып, коррупциялык тобокелчиликтер азайганын билдирди. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет