МинКаб шаар айланасындагы 234,8 гектар жерди транформациялоого уруксат берди

МинКаб шаар айланасындагы 234,8 гектар жерди транформациялоого уруксат берди

Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын Биринчимай районундагы 234,8 гектар “айыл чарба багытында жерлер” категориясындагы жерлерди “калктуу пункттар жерлери” категориясына трансформациялоого уруксат берди. Тиешелүү токтомго МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгоун малым болду. 

Мындай чечим Бишкек мэриясынын өтүнүчүн жана шаардык жер комиссиясынын бүтүмүн эске алуу менен Жер кодексинин, сугат жерлерди трансформациялоо мунапысы жөнүндө мыйзамынын негизинде кабыл алынган. 

Белгилей кетсек, трансформациялоого №216, 219, 220 жана 227, 218 участоктор кирет. Бул аймактарда көп кабаттуу үйлөр жана социалдык объектилер курулары пландалууда. 
Бул жер участоктору жеке жактарга, компанияларга жана “Эксперт Инвест”, “Олтрейд” ЖЧКларына тиешелүү.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media