Бишкекте экологиялык мониторинг жүргүзүүчү лаборатория курулат

Бишкекте экологиялык мониторинг жүргүзүүчү лаборатория курулат

Жаратылыш ресурстары министрлигинин экологиялык мониторинг жүргүзүү ишинде быйыл өсүүлөр болуп, 9 ай ичинде 3440 проба алынып, 19 431 лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөнүн ведомствонун маалымат кызматы билдирди. 

Өткөн жылдын ушул мезгилинде 1488 проба алынып, 11 240 лабораториялык изилдөө иши жүргүзүлгөн. Ошону менен пробаларды алуу 131%га, изилдөөлөрдү жүргүзүү 73%га өскөн. 

Ошондой эле министрлик учурда заманбап экологиялык мониторинг лабораториясын куруу боюнча демилге ишке ашып жатканын билдирет. Бул үчүн Бишкекте тиешелүү жер участогу бөлүнүп, бардык юридикалык жана техникалык документтер даярдалган. 

Аталган жер участогу Манас проспектиси менен М.Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет