Ипподром аймагында жана Пригородный конушунун жанында ири турак жай комплекси курулат

Ипподром аймагында жана Пригородный конушунун жанында ири турак жай комплекси курулат

Кечээ Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 2050-жылдарга чейин Бишкек шаарынын башкы планы боюнча маалымат берип жатып “Ишкер медиа” сайтынын башкы план долбоорундагы веложолдор системасы жана жаңы конуштарды ренновация кылуу боюнча суроолорго жооп берди. 

Мэрдин айтымында, буга чейин бул маселени экологдор байма-бай көтөрүп келишкендиктен веложолдор системасы да шаардын жаңы башкы планында эске алынган. “Бизде веложолдор шаар боюнча бир тутум катары каралып келген. Азыркы башкы планда жашыл түс менен велосипедчилер үчүн атайын бир схема көрсөтүлгөн. Ошондуктан коомдук транспортко альтернативдүү транспорт түрлөрү сөзсүз эске алынып жатат десек болот. Шаардык туругундар веожолдор схемасын өздөрү ыңгайлуубу, ыңгайсызбы карап, анализ кылышса болот”,-дейт ал. 

 Жаңы конуштардын реновациясы боюнча айтып жатып, мэр Бишкек шаарынын административдик-аймактык реформасынан кийин шаарды айланта 100дөн ашык жаңы конуштар болуп калганын айтты. “Албетте ал үйлөрдө эл көп мезгилдер бою жашап, бардык тиешелүү документтери болгондуктан алар өзгөртүлбөйт. Бирок, биз шаарды горизонталдык эле эмес, вертикалдык жактан өстүрүүгө да маани беришибиз керек. Азыр президентибиздин саясатынын алкагында ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Келечекте ипподромдо въетнамдык инвесторлордун жардамы менен көп кабаттуу ири турак жай комплекси, андан сырткары Пригродный жакта да 234 гектар жерде турак жай комплекси курулат”,-дейт калаа башчысы. 

 Мэрдин айтымында, Пригородный жактагы жерге нормага ылайык 5 кабаттуу гана үйлөр тургузулат. Ипподром жакта нормага туура келсе 30 кабаттан төмөн көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалып жатат.   

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media