Нарын облустук музыкалык-драма театрына 33 млн сомдук жер участогу кайтарылды

Нарын облустук музыкалык-драма театрына 33 млн сомдук жер участогу кайтарылды

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылганын жергиликтүү администрация билдирди. 

Театрдын жетекчилиги участокту кайтарып алуу үчүн сотко кайрылып, Нарын шаардык жана Нарын облустук административдик соттору ишти карап, экөө тең театрыдын пайдасына чечим чыгарышкан. Жогорку сот бул чечимдерди күчүндө калтырган. 

МинКаб алдындагы мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча агенттиги соттук чечимдин негизинде Орозбаков көчөсүндөгү 0,15 гектар аянтты ээлеген участокту мамлекеттин менчигине алып, аны кайра театрдын башкаруусуна берди. 

Аталган жер участогунун баасы 33 млн сом деп эсептелген. Бул жерге эми ичичнде кызматкерлерге кызматтык батирлер, жаш адистерге жатакана жана гастролдоп келген артисттер үчүн бөлмөлөр бар 3 кабаттуу имарат курулат.  

Мындан тышкары окуңуз

Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБдин" кышка даярдыгын текшерди

Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБдин" кышка даярдыгын текшерди

13-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы ишмердүүлүгү жана күз-кышка даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мэр өндүрүштүк объектилердин техникалык абалын, ишканаларды отун менен камсыздоо жана оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү. Көчмө жыйындын алкагында "

Кызыл-Кыядагы курулуштан улам үйлөргө жарака кеттиби? Текшерүүнүн жообу

Кызыл-Кыядагы курулуштан улам үйлөргө жарака кеттиби? Текшерүүнүн жообу

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө, Пост ГАИ участкасында курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жайга пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүгө жергиликтүү тургундардын курулуш иштеринен улам коңшу үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болушу мүмкүн деген кайрылуусу негиз болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө

Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады

Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн Алматыда Евразия экономикалык бирлигинин Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жетинчи жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтүп, өз ара сооданы кеңейтүүнү жана биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүнү

Чет өлкөгө ишке орноштуруу: министрлик уруксаты бар агенттиктерди атады

Чет өлкөгө ишке орноштуруу: министрлик уруксаты бар агенттиктерди атады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда ишке орношууга көмөктөшкөн агенттиктер боюнча жыйын өттү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында 9 агенттикке карата тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Анын ичинен 6 агенттикке чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу боюнча бир жылдык мөөнөткө уруксат берилди же